Слушать песню Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын Кыз-Бурак онлайн, текст, клип

Информация о песне:

Рейтинг: 0    

Исполнитель: Кыз-Бурак

Название песни: Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын

Продолжительность mp3: 02:29

Дата добавления: 2016-12-27

Текст просмотрен: 305

Еще от этого автора Кыз-Бурак

Текст к этой песне

Ат жалында шамалдай ойнобосо,
Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо,
Ата Журттун эртеңин ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кылыч болуп душманга чабылбаса,
Сен дегенде селдей каптап агылбаса,
Жерин коргоп жарагын тагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бабалардын салтына багынбаса,
Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса,
Имерилип тоолорун сагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Калпак кийип башына эрденбесе,
Калк ишине билек түрүп шерденбесе,
Жети атасын сурасаң, "билбейм" десе,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кыздарынын намысын коргобосо,
Абийир үчүн чеп болуп орнобосо,
Энесинин көз жашын ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бири сымал көктө толгон жылдыздын,
Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун,
Эл ичинде баш калкалап күн көрсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Популярные песни